Кыргызстандыктарга Орусияга барбай туруу айтылды

Автор

2024-жылдын 22 мартында Москва шаарындагы «Крокус сити холл» концерттик залында көптөгөн адамдардын өлүмүнө алып келген террористтик актка жана Россиянын баардык аймактарында коопсуздук жана антитеррордук коргонуу чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу, Тышкы иштер министрлиги төмөнкүлөрдү сунуштайт:
Россия Федерациясына барууга жүйөлүү негизи жок жарандардын кошумча коопсуздук иш чаралары жана мамлекеттик чек арадан өткөрүүдө күчөтүлгөн тартипти колдонуу режими токтотулган учурга чейин убактылуу Россиянын аймагына кирүүдөн баш тартуусу;
өзүнүн сапарын пландаштырып койгон жарандардын алдын ала Россия Федерациясына кирүүгө чектөө бар же жок экендигин Россиянын ИИМнин сайтынан (mvd.ru) алдын ала текшерүүсү;
Россия Федерациясынын аймагында буга чейин эки же андан көп жолу административдик укук бузган жарандардын мамлекеттик чек арадан өтпөй калуусун жана андан улам келип чыккан кесепеттерди болтурбоо максатында Россиянын аймагына баруудан баш тартуусу;
Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жарандардын массалык элдер топтолгон жайларга баруудан баш тартуусу, жанында өздүгүн жана Россиянын аймагында мыйзамдуу жүрүүсүн тастыктоочу документтерди алып жүрүүсү;
Россия Федерациясынын укук коргоо органдары тарабынан коомдук коопсуздукту камсыздоо иш чараларын жүргүзүү учурунда алардын мыйзамдуу талаптарын аткаруусу.
Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда жарандар Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Элчилигинин ыкчам номери +7 925 115 50 47 жана Тышкы иштер министрликтин Консулдук департаментинин ыкчам номери +996 999 312 002 менен байланышуусу зарыл.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык акы 33 миң 664 сом болду

Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын башында орточо эмгек акы 33 миң 664 сомго көтөрүлдү. Бул көрсөткүч былтыркы жылга салыштырмалуу 12,7 пайызга көбөйгөн. Баалардын кымбатташын эске алганда 6,4 пайызга өскөнү айтылат. Маалым болгондой, эң көп айлыкты борбор калаада эмгектенгендер алышат. Мисалы, менчик компанияларынын кызматкерлеринин орточо маянасы – 44 миң […]

Сизге жагышы мүмкүн