Мектеп окуучулары  жазгы каникулга тарайт

Автор

Кыргызстанда мектеп окуучулары 20-марттан 26-мартка чейин жазгы каникулга тарайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мектептердеги төртүнчү чейрек 27-мартта башталат.

“2022-2023-окуу жылында окуучулардын жазгы каникулу 12 күнгө созулушу керек. Бирок январь айында өлкөдө сасык тумоодон улам кышкы каникул узартылганына байланыштуу жазгы эс алуу кыскартылат”, – деп айтылат маалыматта.

Бөлүшүү:
Next Post

"Кесиптик бирликтер жөнүндө" мыйзамдын аткарылышы: Депутаттык комиссиянын жыйыны башталды

“Кесиптик бирликтер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышын иликтөө максатында түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын 2023-жылдын 10-мартындагы жыйыны өз ишин баштады. Учурда Башкы прокуратуранын, УКМКнын, ИИМнин  жана Адилет министрлигинин өкүлдөрү козголгон кылмыш иштери боюнча маалымат берип жатышат. Жыйынга депутаттар, эсептөө палатасынын  жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышууда. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн