Раимбек Матраимов мамлекетке 200 млн доллар төгүп берет

Автор

“Кимден, канча каражат түшкөнүн коомчулукка ачыктап беришибиз керек. Азыр так саны чыга элек, анткени, күн сайын өзгөрүп, кошулуп жатат. Мисалы, шаршемби күнү биз Матраимовдун бир офисин 16 млн долларга саттык. Мамлекеттик мүлк фондусунда ачылган атайын эсепке түшкөнүн карап көрсөңөр болот”,- деп билдирди УКМК төрагасы.
Ал эсепке түшкөн каражат күн сайын өзгөрүп жатканын айтып, “мына, Раимбек Матраимов өз ыктыяры менен 60 млн долларлык мүлкүн өткөзүп берди. Биздин эсеп боюнча ал дагы мамлекетке 200 млн доллар төгүп бериши керек. Азыр бизде катуу иш кетип жатат. Ал кээ бир мүлктөрүн башка бирөөгө убактылуу өткөзүп турганын аныктап жатабыз, алардын баарын алабыз”,- деди. Ушундай эле иштер Камчы Көлбаев жана анын мафиясы боюнча да кетип жатканы белгилүү болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Күнөөсү далилденген министрге аёо жок

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин күнөөсү далилденсе, УКМК ага токтоосуз түрдө кылмыш ишин козгойт. Мындай маалыматты аталган ведомствонун төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди. Бирок ал, депутаттык комиссия министрдин үстүнөн айтылган дооматтарга далил тапкан болсо, мыйзам алдында жоопко тартылаарын, УКМК бардык чиновниктердин үстүнөн керектүү териштирүүлөрдү жүргүзүп койгонун маалымдады. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн