Кыргызстанда 4,4 миң жеке үй пайдаланууга берилди

Автор

Үстүбүздөгү жылдын жети айында  жалпы аянты 512 миң чарчы метрди түзгөн 4 миң 350 жеке турак жай пайдаланууга берилди.

Улуттук статистикалык комитетинин маалыматына ылайык, бул 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,8% аз. Ушул жылдын январь-июль айларында жеке турак жайларды курууга негизги капиталга 10 млрд 864,1 млн сом инвестиция өздөштүрүлдү же өткөн жылга салыштырмалуу 92,9%ды түздү. Жалпы суммадагы өздөштүрүлгөн каражаттардын үлүшү 17,9% болду. Өткөн жылдын ушул мезгилинде өздөштүрүлгөн инвестициялардын көлөмү 21,4% түзгөн.

Турак жайлардын басымдуу бөлүгү же жалпы көлөмдүн 80,4%ы Ош, Жалал-Абад, Чүй, Баткен жана Ысык-Көл облустарына туура келет. Мында айыл жеринде 365,7 миң чарчы метр жеке турак жай, же 71,4% пайдаланууга берилди.

Бөлүшүү:
Next Post

Аскер курагындагы качкындарды Киевге өткөрө башташты

Польша 2022-жылдын 24-февралынан кийин өлкөгө мыйзамсыз кирген аскер курагындагы украиналык качкындарды Киевге өткөрө баштады. 2022-жылдын февраль айында Польшага кирген 80 миң мыйзамсыз иммигрант өлкөдө калганы белгиленген. Украинанын Жогорку Радасынын Улуттук коопсуздук, коргоо жана чалгындоо комитетинин мүчөсү Федор Вениславский бул жарандарды Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн катарына мобилизациялоо керек деген пикирин бөлүштү. Анын […]

Сизге жагышы мүмкүн