АКШнын Сириядагы базасы ракеталык чабуулга кабылды

Автор

АКШнын Сириянын түндүк-чыгышындагы базасы бир күн мурда Иран колдогон топторду бутага алгандан кийин ракеталык чабуулга кабылды.
Аль-Омар кенинин аймагында жайгашкан базаны аткылоодон жабыркагандар жок.
Пентагон АКШ бейшембиге караган түнү Сириянын чыгышындагы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна тиешелүү түзүмдөргө сокку урганын билдирген.
АКШнын Коргоо министрлиги бейшембиде Сириянын түндүк-чыгышындагы Хасака аймагында эл аралык коалициянын базасында бир учкучсуз учактын техникалык тейлөө мекемесине кол салуу болгонун кабарлаган. Окуяда бир аскер курман болуп, алтоо жарат алган.
Сириянын чыгышында 900дөй америкалык аскер жайгашкан.

Бөлүшүү:
Next Post

Париж -2024: Олимпиада оюндары 41ден 39га кыскарды

Париж өтө турган 2024-жылкы Жайкы олимпиада оюндарынын башталышына бир жылдай  убакыт калды. Уюштуруу комитети спорттун 39 түрү боюнча спортчуларды кабыл алууга даярданууда. Эске салсак, 2021-жылы Токио Олимпиадасында  спорт оюндарынын 41 түрү боюнча медалдар тапшырылган. Уюштуруучулар жана Эл аралык Олимпиада комитети эки жыл мурда каратэ, бейсбол жана софтбол Париж Олимпиадасынын мелдеш […]

Сизге жагышы мүмкүн