Мандаттан кол жууган эки депутат БШКны сотко берди

Автор

Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыратылган Фархат Исмаилов менен Фарходбек Алимжанов Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими боюнча сотко арызданды.

Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы  билдирди.

 Маалыматка ылайык, Исмаиловдун арызы боюнча баштапкы соттук угуу 17-июлга, ал эми Алимжановдуку боюнча 18-июлга белгиленген.

Эске салсак, Борбордук шайлоо комиссиясы 6-июлда Жогорку Кеңештин депутаттары Фарходбек Алимжанов жана Фархат Исмаиловду мандатынан ажыратуу чечимин чыгарган. Буга жасалма диплом маселеси себеп болгондугу айтылган.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстандык футболчу  Алимардон Шүкүров Европа кубогунда дебют жасайт

Улуттук кураманын жарым коргоочусу Алимардон Шүкүровдун беларусиялык «Неман» командасы УЕФАнын Конференция дигасында ойнойт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирет. «Неман» квалификациянын биринчи раундунан баштап, 14 жана 20-июлда «Вадуцага» (Лихтейнштейн) каршы эки беттеш өткөрөт. Еврокубокто ойногон кыргызстандыктар: Эмил Кенжисариев «Актобенин» курамында – Европа Лигасынын тандоо раунду, Чемпиондор Лигасынын тандоо раунду (2007-2014); […]

Сизге жагышы мүмкүн