Бишкекте адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтүүдө

Wp Pw
0 0
Read Time:54 Second

Бишкекте адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өтүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарада Бишкектеги жана Чүй облусундагы колледждер жана кесиптик лицейлер артыкчылыктуу адистиктер жана кесиптер фестивалында өз мүмкүнчүлүктөрүн жана жетишкендиктерин көрсөтүштү.

Фестивалдын ачылыш аземинде билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу мектеп окуучуларын кесипти туура тандоо үчүн колледж менен кесиптик лицейлердин мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга, ал эми кесиптик окуу жайлардын жетекчилерин өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө активдүү катышууга чакырды.

“Ар бир адам жумушчу кесипке ээ болушу керек… аны менен жашоодо өз ордун табууга ар дайым мүмкүнчүлүк болот. Бүгүнкү күндө колледждер жана кесиптик лицейлер өндүрүш жана ишкерлер менен түздөн-түз иштешет, андыктан студенттер окууну аяктаганга чейин жумуш табууга мүмкүнчүлүк алышат”, – деди Расул Абазбек уулу.

Ошондой эле министрдин орун басары 9-класстан кийин кесиптик лицейге тапшыргандардын окуу мөөнөтү үч жылдан эки жылга кыскаргандыгын айтып, аттестат жана квалификация ыйгаруу жөнүндө диплом алуу мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Азия өнүктүрүү банкынын өлкөлүк директору Канокпан Лао-Арайа АӨБдүн кесиптик билим берүүнү өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүсү, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун ачылышы жөнүндө айтып берди.

Анын айтымында, колледж жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрүнүн 60-65% жумушка орношот.

 

About Post Author

Wp Pw

Happy
Happy
0 %
Sad
Sad
0 %
Excited
Excited
0 %
Sleepy
Sleepy
0 %
Angry
Angry
0 %
Surprise
Surprise
0 %
Next Post

Улуттук банктын алтын корунун баасы кымбаттады

Улуттук банктын алтын корунун баасы март айында 3 миллиард 167,3 миллион сомго жогорулады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылууда. Маалыматка ылайык, марттын башында — 83 миллиард 783,1 миллион сом, апрелдин башында — 86 миллиард 950,4 миллион болду. Сумма эмнеден улам жогорулаганы тууралуу айтылган эмес. 2021-жылдын май айында Улуттук банктын алтын кору […]