Манас Осмон: “Жарандар кимдир бирөөнүн саясий кызыкчылыгына курал болбошу керек”

Автор

2020-жылдан бери өлкөдө эмне өзгөрдү? Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин 3 жыл ичиндеги ийгилиги ушул суроого жооп издеп турат. 30 жыл бою тезек терип, күн бетин көрбөдүк десек, мына ошол кошоматчылыктын дал өзү. Ансыз деле биздин коомду «оппозиция-позиция» деген эки жээкте бири-бирине муш кезеген абалда көрүүгө болот. Менимче, 6-октябрдагы төңкөрүштөн көп өтпөй бийлик айрым пикирлештерин вагонунан түшүрүп салды.

Ошол кадырына чычалагандар 19-ноябрда нааразылык акциясын уюштурмак болуп туру.

Бийликти таразалап, жаманын -жакшысын иргегенден кийин баа бересиң. Дүйнөдө кылган иштеринин 80 пайызы туура делген өкмөттөр жок. Буга шарттар туура келбейт. Мамлекет башкарууда сөзсүз айрым бомба көмүлгөн аймактарды билип, билбей басасың.

Таптакыр эле жөрмөлөп калдык дегендин өзү уят. Эл көксөп, арзуулаган кээ бир жумуштар аткарылды. Мектептер, балдар бакчалар курулуп, ишке берилип жатат. Куралдуу күчтөрүбүз тынчы жок Борбор Азия үчүн үлкөн даярдыктан өттү. Ага кеткен чыгым 2,5 млрд доллар деп билдирди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев. Коррупция менен күрөш жүргүзүүнү эл өзү эңсеп келген эле. Күрөш жүрүп жатат, бирок, коомчулук коррупция менен күрөшүүдө бийликти колдоп жатабы? Албетте жок.

Эми 19-ноябрь күнү элди мамлекеттик машиненин алдына салып берели деп жатышат. Бул аябай кооптуу. Күнөөсүз жарандарыбыз кимдир бирөөлөрдүн саясий кызыкчылыктарына курал болбошу керек. Андыктан, эч ким митинг-пикеттерге чыкпашы керек!

 

Манас Осмон журналист

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда орточо айлык 32 миң 123 сомду түздү

Быйыл январь-сентябрь айларында бир кызматкердин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык номиналдык эмгек акысы 32123 сомду түздү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу эмгек акы 23,7%га өстү. Ал эми анын реалдуу өлчөмү керектөө бааларынын индексин эске алуу менен 10,7 %ды түздү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн