Мамбет Мамакеев, Кыргыз Эл баатыры: “Орозо организмди токсиндерден жана микробдордон тазалайт”

Автор

“Орозонун абройу бизде аябай көтөрүлүп калды. Анткени, чоң, кичине дебей мунун пайдасын билип калышты. Бул аябай керектүү, ошон үчүн кызыгып, кармагандар азыр аябай көп. Биздин Улуттук хирургия борборунда 90 пайыз кызматкерлер, анын ичинде техникалык кызматкерлер, дарыгерлер жана мед айымдар орозо кармашат”,- деди Кыргыз Эл баатыры Мамбет Мамакеев.
Дарыгер катары орозонун пайдаларына токтолуп, адамдын организминде токсиндер, бактериялар, таштандылар жана микробдор көп болоорун эскертип, орозо 1 айдын ичинде алардын баарын тазалаарын айтты.
“Кан басымы барлар орозо кармаса, басымы нормалдашат, уйку оңолуп, нерв системасы жана кан тамырлар калыбына келет. Андан сырткары, жаш өткөн мезгилде адамдарды кыйнаган ичтин катуусу да өз жолуна түшөт”,- деди дарыгер. Ал өйдө-ылдый болуп, таарынышып жүргөндөр болсо, орозонун шылтоосу менен кечиришип алуу табылгыс сооп экенин билдирди.

Бөлүшүү:
Next Post

Балыкчы шаарында ири эт комбинаты курулат

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Балыкчы шаарында үлкөн эт комбинаты ачылат. Ал ички рынокту камсыздап, калган бөлүгү экспортко кетет. Эң алгачкы кардар Кытай, Орусия жана Сауд Аравиясы экенин белгилүү ишкер Аскар Салымбеков билдирди. “Комбинатта күн сайын 200 даана бодо мал, 1000 жакын кой, эчки союлат. Сауд Аравия Тамчы аэропортунан эттерди тоңдурбай […]

Сизге жагышы мүмкүн