Балыкчы шаарында ири эт комбинаты курулат

Автор

Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Балыкчы шаарында үлкөн эт комбинаты ачылат. Ал ички рынокту камсыздап, калган бөлүгү экспортко кетет. Эң алгачкы кардар Кытай, Орусия жана Сауд Аравиясы экенин белгилүү ишкер Аскар Салымбеков билдирди. “Комбинатта күн сайын 200 даана бодо мал, 1000 жакын кой, эчки союлат.
Сауд Аравия Тамчы аэропортунан эттерди тоңдурбай эле жаңы боюнча алып кетүүнү пландап жатат. Учурда балык чарбасы да аябай өнүктү. Ички жана сырткы рынокко балык беребиз”,- деди ал.
Эскерте кетүүчү жагдай, 2017-жылы Түркиялык Yimpaş Holding Чүй облусунун Красная Речка айылына эт комбинатын куруп, бирок, кыргыз өкмөтүнүн көңүл сыртында калган. Жетекчилери келип, Жогорку Кеңеште бир катар жолугушууларды өткөргөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Индиядагы тойдун чыгымы 120 млн доллар болду

Индиянын жана Азия континентинин эң бай адамы Мукеш Амбани 120 млрд доллары менен дүйнөлүк байлардын 11-катарында турат. Анын атасы 1970-жылга чейин Бомбей шаарында 2 бөлмөлүү жөнөкөй үйдө жашаган. Аталган каарман ал жылдары болгону 15 жашта эле. Атасы текстиль фабрикасынан тапкан каражатына Нефти заводун куруп, ишин аябай илгерилеткенде Мукеш Амбани Жогорку […]

Сизге жагышы мүмкүн