Жүрөгүмү, бооруму, бөйрөгүмдү берем

Автор

Социалдык тармактар аркылуу кыргызстандык мигрант жигит кайрылуу жасап, үй-бүлөсү менен ата-энесинин мандайында отурганды сагынганын айткан. Ал кайрылуусунда Камчыбек Ташиевди мактап, коррупция менен күрөшүүдө тобокелчиликке барып жатканын билдирди.
“Ташиев Кыргызстанды жакырчылыктан чыгарганга жан үрөп жатат. Садыр Жапаров экөө жакшы иштерди алып барышууда. Кыргызстан өнүксүн, биз мынтип, чет жерлерде тентибейли. Камчыбек Ташиев ооруп калдыбы, көрүнбөй калды. Кудай сактасын, эгер керек болсо, боорумду, бөйрөгүмдү же, жүрөгүмдү бергенге даярмын”,- деген ал. Ошондой эле жакырчылыктан аябай тажаганын билдирген.

Бөлүшүү:
Next Post

Медер Алиев эмне үчүн туунун өзгөрүшүнө каршы добуш бергендигин айтты

Жогорку Кеңештин депутат Медер Алиев туунун өзгөрүшүнө каршы добуш бергендердин бири. Ал мындай аракетин шайлоочуларынын талабына моюн сунуу катары түшүндүргөн. “Биз эл тарабынан шайланып келгенден кийин элдин талабын угушубуз керек. Желектин өзгөрүшүнө көпчүлүк эл каршы болуп жатпайбы. Ошол үчүн мен каршы добуш бердим”,- деди депутат. Ал эми кээ бир депутаттар […]

Сизге жагышы мүмкүн