Май айында кыргызстандыктар беш күн эс алат

Автор

Май айында кыргызстандыктар  катары менен  беш күн эс алат. Бул туурасында Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар  май майрамдарына байланыштуу 1, 5, 8, 9-май  күндөрү иштебейт.

1-май — Эмгекчилердин күнү;

5-май — Конституция күнү;

8-майдагы (дүйшөмбү) иш күн 13-майга которулат;

9-май — Жеңиш күнү.

Майдын биринчи декадасында эл катары менен беш күн эс алат (5-6-7-8-9-май).

Бөлүшүү:
Next Post

Салбуурун боюнча республикалык оюндар өтөт

Ысык-Көл облусунда салбуурун боюнча республикалык  оюндары өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Оюн 22-24-апрель күндөрү Тоң районунда өтүп, ага бардык аймактардан келген спортчулар катышат. Мелдештин жүрүшүндө бүркүт салуу, ителги менен ылаачынды далбага ойнотуу, жөө жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, тайган жарыш боюнча оюндар болот. Жеңүүчүлөргө тиешелүү […]

Сизге жагышы мүмкүн