Лукашенко элчилерди кызматтан кетирди

Автор

Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко өлкөнүн бир катар Европа өлкөлөрүндөгү элчилерин кызматтан алды.
Мамлекет башчынын жарлыгы менен Улуттук укуктук маалымат интернет-порталында жарыяланган Дмитрий Мирончик республиканын Швециядагы жана аны менен катар Норвегиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматынан алынганы белгилүү болду.
Алексей Самосуев Беларустун Финляндиядагы жана ошол эле учурда Даниядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан ажырады. Денис Сидоренко өлкөнүн Германиядагы элчиси кызматынан бошотулду.
Андан тышкары Лукашенко Андрей Страчкону Кыргызстандагы элчилик кызматынан бошотту.
Документте элчилердин кызматтан кетүү себептери көрсөтүлгөн эмес.

Бөлүшүү:
Next Post

Жапаров ЕЭК коллегиясынын төрагасын кабыл алды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-мартта Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясынын төрагасы Бакытжан Сагинтаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчөлүгү алкагындагы кызматташуунун актуалдуу темалары, ошондой эле Евразия мейкиндигинде интеграцияны тереңдетүү жана кеңейтүү маселелери талкууланды. Мамлекет башчысы Бакытжан Сагинтаевди бул жогорку кызматка дайындалышы менен […]

Сизге жагышы мүмкүн