Зеленский англис тилинин статусу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады

Автор

Украинанын президенти Владимир Зеленский Жогорку Радага англис тилинин Украинадагы эл аралык баарлашуу тилдеринин бири катары расмий статусун аныктаган мыйзам долбоорун сунуштады.
Ага ылайык англис тилин билүүгө  милдеттүүлөр:
«А», «В» жана «С» категорияларындагы мамлекеттик кызматчылар;
жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары жана алардын орун басарлары;
келишим  боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан офицердик курамдын аскер кызматчылары;
Улуттук полициянын орто жана улук курамдагы кызматкерлери;
башка укук коргоо органдарынын, жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери;
прокурорлор;
салык жана бажы органдарынын кызматкерлери;
Театрларга спектаклдердин 10 пайызга  чейин англис тилинде көрсөтүүгө уруксат берилет.   Украинада качкын деп таанылууну каалаган же коргоого муктаж болгондор үчүн орус тилин колдонууга уруксат жок болот.  Мындай адамдар украин же англис тилинде кайрылса, алар каралат.

Бөлүшүү:
Next Post

Мирлан Мурзаев чет элдик клуб менен келишим түздү

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын вице-капитаны жана бомбардири Мирлан Мурзаев Вьетнамдын жогорку лигасындагы «Ханой» ФК менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти. Белгилей кетсек, өткөн сезондо Мурзаев «Мохаммедан» футбол клубу үчүн Индия чемпионатында ойногон, анда 11 беттеш өткөрүп, 2 гол киргизип, 3 голдук пас берген. Мурзаевдин КР […]

Сизге жагышы мүмкүн