Лор-врач: «Ангина ооруганда ысык же муздак суу ичсе, ого бетер күчөтөт»

Автор

Эл арасында ангина менен ооруган адамдарга «Муздак суу ичсең же ысык суу ичсең ангинаны кетирет. Же суу менен калий перманганатынын (марганцовка) аралашмасына чайкасаң жардам берет» деген ишеним бар. “TV Шыпаакана” берүүсүндө ангина темасынын алкагында суроолорго жооп берген оториноларинголог Адилет Джунушалиев жогорку ишенимдер тууралуу суроолорго жооп берди.

«Ангина менен ооруган адам ысык же муздак суу ичпеши керек. Ошондой эле кээде аракка калемпирди чылап туруп ичип алышат. Ал өзү сезгенип араң турган таңдай миндалинанын былжыр безин ого бетер күчөтүп салат. Эл арасында калий перманганатын (марганцовка) суу менен аралаштырып, тамагын чайкап жүрүшөт. Организмге жардам бергендин ордуна биз кайра кыйнап жатпайбызбы. Марганцовканын бактерияларга каршы эффекти бар. Бирок анын ангинаны айыктырууга эч кандай тиешеси жок», — деди дарыгер.

Бөлүшүү:
Next Post

Бензин 3 сомго чейин кымбаттайт

Бул боюнча Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирди. Июнь айында бензиндин 1 литри 2,5-3 сомго чейин кымбаттай турганын айтып, ага себеп катары дүйнөлүк рынокто мунайдын баасы кымбаттап жатканы менен түшүндүрдү. Мунайдын Brend үлгүсү акыркы апта ичинде 1.2 пайызга кымбаттап, 77.34 долларга чейин көтөрүлгөн. Белгилүү болгондой, Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму – ОПЕК жана […]

Сизге жагышы мүмкүн