Лионель Месси келечектеги “Алтын топ” сыйлыгынын ээлерин атады

Автор

“Интер Майами”  клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси келечектеги “Алтын топко” талапкерлерин атады. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда.

Лионель Месси: «Холанд, Мбаппе, Винисиус жана көптөгөн жаш оюнчулар жакынкы жылдары «Алтын топ» сыйлыгы  үчүн ат салышат. Форвард ошондой эле “Барселонанын” 16 жаштагы жарым коргоочусу Ламин Ямалды бөлүп, ал буга чейин клуб үчүн маанилүү оюнчуга айланганын белгиледи.

Эске салсак, 30-октябрда аргентиналык футболчу карьерасында сегизинчи жолу “Алтын топ”  сыйлыгына татыктуу болду. Ал буга чейин кубокту 2009, 2011, 2012, 2013, 2016, 2019 жана 2021-жылдары жеңип алган.

Бөлүшүү:
Next Post

Экс-президенттин инисин акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүүдө

Казакстандын биринчи президентинин иниси Болат Назарбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты Казакстандын Шамалган шаарында өтүүдө.  Болат Назарбаев 13-ноябрда Алматыда узакка созулган оорудан кийин каза болгон. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына мурдагы мамлекет башчысы Нурсултан Назарбаев өзү катышууда. Болат Абишевичти акыркы сапарга узатуу үчүн Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов  келди.  Буга чейин президент […]

Сизге жагышы мүмкүн