Лионель Месси Америкадан үй сатып алды

Автор

“Интер Майами” клубуна өткөн Лионель Месси АКШдан кыймылсыз мүлккө ээ болду. Аргентина курама командасынын капитаны Флорида штатынын Форт-Лодердейл шаарынан үй сатып алды.

Лионель Месси  ак сарай үчүн 10,75 миллион доллар төлөгөн. Футболчу жыл сайын 83,4 миң мүлк салыгын төлөшү керек.

Мессинин жаңы үйүнүн аянты 975 чарчы метрди түзөт. Үйдө 8 уктоочу бөлмө, 9 жуунучу бөлмө, бассейн жана үч унаага ылайыкталган гараж бар.  Мындан тышкары  фитнес-центр жана спа-салон бар.

Эске салсак, Лионель Месси июнь айында “Пари Сен-Жермен”  клубунан “Интер Майамиге” өткөн. Жаңы клубунда 36 жаштагы футболчу Лига Кубогун жеңип алган .

Бөлүшүү:
Next Post

Үч мамлекет россиялык унаалардын киришине тыюу салды

Эстония Латвия жана Литва менен кеңешкенден кийин Евробиримдиктин санкцияларынан улам 13-сентябрдан тарта орус номурлуу унааларды өз аймагына киргизүүгө тыюу салды. Латвия бир күн мурда Россияда катталган унаалардын чек ара бекеттеринен өтүшүнө тыюу салган. Литва россиялыктарга автоунааларды конфискациялоо мүмкүндүгүн эскертти. Анткен менен Финляндия россиялыктардын унааларын конфискациялоодон баш тартты. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн