Ленин районунда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыкты

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты.

Мындай чечим БШКнын 16-июндагы жыйынында бир добуштан  кабыл алынды.

Белгилей кетсек, 28-майда №26 Ленин  бир мандаттуу шайлоо округу боюнча  Жогорку Кеңештин депутаттыгына кайра шайлоо өткөн. Анда алдын ала маалыматтар боюнча Дамира Ниязалиева жеңишке жеткен. Ал 6 249 добуш(35,86%) алган.

Ал эми БШКнын кийинки отурумда эң көп добуш алган талапкерлер Дамира Ниязалиева менен Улан Сариев “шайлоочулардын добушун сатып алууга” шек саналып,  добуштары жокко чыгарылган.

Мыйзам боюнча эгерде шайлоого катышкандардын жалпы санынын үчтөн биринин добуштары жараксыз деп табылса, БШК “шайлоонун жыйынтыгын анык эмес” деген бүтум чыгарат. Эми бир ай ичинде кайра шайлоо өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент “фарм” мафиясына  сокку урду

Кыргызстанга дары – дармектер мындан ары мамлекет тарабынан заводунан түз алынып келинет. Учурда 10 пайыз келишим түзүлдү. Бирок, президент 100 пайызга келишим түзүп, мамлекет  өзү көзөмөлгө алышын тапшырды. Ортомчу фирмалар дарыларды кымбаттатып, монополияга айландырып алганы өкмөттүк жыйналышта айтылды. “Учурда 10 эле пайыз келишим түзүлүптүр. 115 млн сом эконом болуп жатат. […]

Сизге жагышы мүмкүн