Ленин районундагы шайлоонун үгүт иштерине 9,4 млн сом жумшалды

Автор

Ленин районундагы шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабууга талапкерлердин шайлоо фонддорунан 9 млн. 405 миң сом сарпталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Мыйзам ченемдерине ылайык бир мандаттуу округдар боюнча талапкерлердин шайлоо фонддору төмөнкү каражаттардын эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

150 миң сомдон ашпаган талапкердин жеке каражаттары;

1 млн. сомдон ашпаган саясий партиянын өздүк каражаттары;

ар бири 200 миң сомдон ашпаган жеке адамдардыныктыярдуу кайрымдуулук каражаттары;

юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуккаражаттары, алардын ар бири 500 миң сомдон ашпайт.

Белгилей кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгын мөөнөтүнөн мурда шайлоого 49 талапкер көрсөтүлдү. 32 талапкер катталып, 3 талапкер андан ары шайлоого катышуудан баш тартты.

Бөлүшүү:
Next Post

Брежнев Киевдин ардактуу атуулу наамынан ажыратылды

Киев шаардык кеңеши КПСС Борбордук Комитетинин Башкы катчысы (1964-1982), СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1977-1982) Леонид Брежневди ардактуу атуул наамынан ажыратты. Бул чечимге 91 депутаттын 82си “макул” деп добуш берип, эч ким каршы болгон жок. «Киевдин ардактуу атуулу» наамы 1982-жылы негизделип, Брежневге биринчилерден болуп ыйгарылган. Ал Киевдин ардактуу жараны наамына […]

Сизге жагышы мүмкүн