Брежнев Киевдин ардактуу атуулу наамынан ажыратылды

Автор

Киев шаардык кеңеши КПСС Борбордук Комитетинин Башкы катчысы (1964-1982), СССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы (1977-1982) Леонид Брежневди ардактуу атуул наамынан ажыратты.
Бул чечимге 91 депутаттын 82си “макул” деп добуш берип, эч ким каршы болгон жок.
«Киевдин ардактуу атуулу» наамы 1982-жылы негизделип, Брежневге биринчилерден болуп ыйгарылган. Ал Киевдин ардактуу жараны наамына ээ болгон жылы көз жумган.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттер 13 документке кол коюшту

  Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги отурумунда 13 документке кол коюлду. Жыйынга президент Садыр Жапаров катышып, сөз сүйлөгөн. Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө өлкөлөрдүн президенттери төмөнкү документтерге кол коюшту:   -“2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык биримдик жөнүндө келишимге Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин өнөр жай тармагындагы биргелешкен кызматташуу долбоорлорун ишке ашырууда финансылык […]

Сизге жагышы мүмкүн