Айбек Осмонов Оштун оорчундуу көйгөйлөрүн көтөрдү

Автор

Айбек Осмонов экинчи борбордун 3 маселесин көтөрүп, аны чечүү жолдорун кошо сунуштады. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 30-ноябрдага парламенттин жалпы жыйында билдирди.

Анын айтымында “Биринчиси, шаар ичиндеги тыгын. Баткен облусу жана Оштун айрым райондоруна унаалар шаар ичи менен өтүп жатышат. Бул тыгынды жаратууда. Андыктан, Оштун кире беришиндеги “Т” тилкесинен Он-Адыр, Озгур, Жапалак аркылуу Ноокат менен кетүүгө жол бар. Аны тезирээк оңдоп, түзөөдөн өткөрүш керек. Экинчиси, ыш, абанын булгануусу. Шаардагы мончолор менен кээ бир  ишканаларды жергиликтүү бийлик көзөмөлдөп турушу керек. Кездемелердин артканын жана резинкаларды жагууга тыюу салуу шарт. Ал эми үчүнчүсү, Жапалак аймагындагы таштанды полигону. Ал түтөп, айланага ыңгайсыздык жаратып келет. Анын маселесин чечпесе, абал оор. Оштун эли шайлоо учурунда эле керек эмес. 1 млрд сом каражат каралат деп, аны да берген жоксуңар”,- деди депутат.

Бөлүшүү:
Next Post

Германиянын футбол тарыхындагы эң мыкты оюнчулары аталды

Британиялык FourFourTwo журналы Германиянын тарыхындагы эң мыкты  оюнчунулардын рейтингин жарыялады. Биринчи орунду 1964-1983-жылдары профессионалдуу футбол ойногон Бавариянын мурдагы коргоочусу Франц Беккенбауэр ээледи.   Тарыхта эң мыкты 10 немис оюнчусунун рейтинги төмөнкүдөй:   Франц Беккенбауэр («Бавария»)   Герд Мюллер (Бавария)   Лотар Маттеус («Бавария», «Интер», «Боруссия» Менхенгладбах)   Филипп Лам (Бавария) […]

Сизге жагышы мүмкүн