Ленин округу боюнча депутаттыкка талапкерлердин саны 24кө жетти

Автор

Борбордук шайлоо комиссиясына №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин коюу ниетин билдиргендердин саны 24кө жетти. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Элдар Мадылбеков мандат үчүн күрөшүүнү чечкен. Ал «Ата Мекен» фракциясынын экс-депутаты Туратбек Мадылбековдун уулу. Ошондой эле Жогорку Кеңештин төртүнчү жана бешинчи чакырылышынын депутаты Дамира Ниязалиева дагы талапкерлигин көрсөткөн. Ал КСДП партиясынын тизмеси менен эки жолу парламентке өткөн. 2020-жылы «Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгон. 2016-жылга чейин социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр, ага чейин саламаттыкты сактоо министри болуп иштеген.

Буга чейин Эркин Бөлөкбаев, Максат Кунакунов, Марат Арзыкулов, Актилек Нурланбеков, Мирлан Камбаров, Бекзат Иманкулов, Азат Абдылдаев, Улугбек Калыков, Нурлан Сакиев, Данияр Тербишалиев, Эртай Искаков, Роман Мокейчук, Аким Маликов, Өмүрбек Баклиев, Турсун Сувиев, Аким Маликов, Турсун Сувиев, Субанов Айбек, Скорняков Андрей, Гүлмира Усубалиева, Карачач Исмаилова жана Салтанат Сагидаевалар талапкер катары арыз беришкен.

No26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.

Добуш берүү 28-майда болот. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыгы 11-июнга чейин белгилүү болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Жер титирөөдөн жабыркагандарга жаңы үйлөрдүн ачкычтары тапшырылды

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган  жер титирөөдөн жабыркаган аймактарда жеке үйлөрдүн ачкыч тапшыруу аземине катышты. «6-февралдагы катуу жер титирөөдөн 15 күндөн кийин жаңы үйлөрдүн пайдубалы түптөлдү.  Кырсык болгон аймакта бардыгы болуп 507 миң батир жана 143 миң жеке үй курулат.  Алардын 319 миңи бир жылдын ичинде тапшырылат.   60 миң квартиранын […]

Сизге жагышы мүмкүн