Ленин округунан депутаттыкка талапкерлердин саны бешке жетти

Автор

Бишкек шаарындагы №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катыша турган талапкерлердин саны бешке жетти. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 4-апрелде шайлоого катышуу үчүн талапкер Мирлан Камбаровдон (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) арыз келип түштү. Буга чейин  БШКга арыз менен төрт талапкер кайрылган.

 

  1. Булекбаев Эркин Касымович
  2. Кунакунов Максат Касымжанович
  3. Арзыкулов Марат Замирбекович
  4. Нурланбеков Актилек Нурланбекович

 

Депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү ушул жылдын 27-апрелинде аяктайт.

Эске салсак,  № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 28-майга белгиленген.

Бөлүшүү:
Next Post

5-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 5-апрелде түнкүсүн Баткен, Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.   Күндүз Талас, Баткен, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,   Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,   Баткен облусунда […]

Сизге жагышы мүмкүн