5-апрелге карата аба ырайы

Автор

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 5-апрелде түнкүсүн Баткен, Ош облусунун көпчүлүк аймактарында жаан жаайт.

 

Күндүз Талас, Баткен, Чүй, Ош облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +18…+23,

 

Талас облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

 

Баткен облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

 

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +7…+12, күндүз +17…+22,

 

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…+1, күндүз +12…+17,

 

Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +11…+16 градус.

 

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8, күндүз +19…+21 градус болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Финляндия расмий түрдө НАТОго мүчө болду

Азыр Түндүк Атлантика альянсына 31 мамлекет кирет. Финляндия расмий түрдө НАТОго кошулду. АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин айтымында, өлкө НАТОнун 31-мүчөсү болду. НАТОго мүчө мамлекеттер Финляндиянын Түндүк Атлантикалык Кеңешке кошулуусу боюнча протоколдорго 2022-жылдын 5-июлунда кол коюшкан. Акыркы болуп Венгрия менен Түркия болду. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн