Арменияга 28 миңден ашуун качкын келди

Автор

26-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө карата Тоолуу Карабактан Арменияга 28 миң 120 качкын келди.
Бийлик тарабынан 3253 зыяратчы убактылуу турак-жай менен камсыз болгон. Жалпысынан 7,3 миң адам жардам сурап кайрылган. Буга чейин өлкөгө 20 миң качкын келгени айтылган.
19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабакта “антитеррордук операцияны” баштаган. Ал «мыйзамсыз режимди» жоюуну жана армян куралдуу күчтөрүн толук чыгарып кетүүнү талап кылды. Ал эми Ереван армян аскерлери 2020-жылдан бери таанылбаган республиканын аймагында болгон эмес деп ырастоодо.

Бөлүшүү:
Next Post

Футбол тарыхындагы эң мыкты 10 машыктыруучу аталды

«FourFourTwo» басылмасы футбол тарыхындагы эң мыкты он машыктыруучунун катарына СССРдин курама командасынын жана «Динамо» (Киев) командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Валерий Лобановскийди киргизген.   Биринчи орунду көп жылдар бою “Манчестер Юнайтедди” жетектеген сэр Алекс Фергюсон ээледи. Экинчи орунда “Аякс”, “Барселона” жана Голландия курама командасында иштеген Ринус Михельс турат. Алдыңкы үчтүктү Йохан […]

Сизге жагышы мүмкүн