Президент майрамдык айт намазга катышат

Автор

Президент Садыр Жапаров эртең, 21-апрелде, майрамдык айт намазга катышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев маалымдады.

Орозо айтты майрамдоо күнүндөгү салттуу айт намаз Бишкек шаарындагы Эски аянтта өтөт.

Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык баракчаларда түз чагылдырылат. Түз эфир таңы саат 07:00дө башталат.

Айт намаздын программасы:

 

Саат 06:00-07:00дө – Дин аалымдарынын баяндамасы;

Саат 07:00-07:30дө – Муфтийдин куттуктоосу жана баяндамасы;

Саат 07:30дө – Айт намаз.

Бөлүшүү:
Next Post

Майк Тайсон кайрадан Холифилд менен беттешиши мүмкүн

Бокс боюнча оор салмактагы дүйнөнүн мурдагы чемпиону Майк Тайсон дүйнөнүн мурдагы чемпиону Эвандер Холифилд менен көргөзмөлүү беттешке чыгышы мүмкүн. Бул тууралуу атактуу мушкер TMZ YouTube каналына берген маегинде айтты. «Мен муну ишке ашыргым келет, муну  Сауд Арабиянын эли да каалайт. Мен акыркы продукт үчүн төлөөгө даяр адамдарды көргөндө, менин башым […]

Сизге жагышы мүмкүн