Каныбек Иманалиев Билим күнү менен куттуктады

Автор

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев бүгүн, 1-сентябрда, кыргызстандыктарды жаңы окуу жылынын башталышы жана Билим күнү менен куттуктады.
Министрдин куттуктоосунда мындай деп айтылат:
“Урматтуу мугалимдер, окутуучулар жана менин жаш досторум!
Сиздерди бүгүнкү Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм! 1-сентябрь – бул ар бирибиздин жашообуздагы өзгөчө күн. Айрыкча биринчи жолу мектеп босогосун аттап жаткан бөбөктөргө бүгүндөн баштап билимдин сырдуу дүйнөсү ачылат.
Сиздерге ар бир күнүңүздөр кубаныч жана жаратмандык менен коштолушун каалайм!
Урматтуу окуучулар, силерди кең келечек күтүүдө. Билим алуудагы ар бир күн текке кетпеши керек. Тайманбастык менен билимдин туу чокусун багындыргыла, кыйынчылыктардын алдында тайсалдабагыла, бул татаал жолдо силерге ар дайым мугалимдер шам-чырак болуп берет.
Урматтуу кесиптештер, биздин жашообуздагы жетишкендиктердин бардыгы – мугалимдин эмгегинин үзүрү.
Ошондуктан окуу жылыңыздар ийгиликтүү болуп, ар бир сабагыңыздар билим дүйнөсүн тааныткан кызыктуу саякат болсун.
Сиздер – мугалимдер бүл дүйнөгө ынтымактын жана адамгерчиликтин үрөөнүн сепкен мөмөлүү дараксыздар!
Урматтуу ата-энелер! Балдарыңыздардын билим уясындагы кыялдары орундалсын!
Акыркы учурда мугалимдер үчүн президент, өкмөт, парламент тарабынан не деген колдоолор болуп жатат. Биз ошого татыктуу эмгегибиз менен жооп беришибиз керек.
Жаңы окуу жылыңыздар менен!
Ийгилик каалайм!”.

Бөлүшүү:
Next Post

Зеленский президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө

Украинанын президенти Владимир Зеленский Португалиянын RTP коомдук телеканалына берген маегинде,  2024-жылы президенттик шайлоого катыша турганын айтты. «2024-жылы согуш улана берсе, шайлоо болсо, мен эч качан кетпейм.  Анткени мен Конституциянын гарантымын жана кандай болгон күндө да аны коргойм”,-деп жооп берди Зеленский. Маегинде Зеленский шайлоонун айрым шарттарын тактап, Батыш өлкөлөрү мындай шайлоолор […]

Сизге жагышы мүмкүн