Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорт коридору боюнча жүк поезддери ишке кирди

Автор

Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан транспорт коридору боюнча жүк ташуучу поезддер ишке кирди. Бул тууралуу Өзбекстандын Транспорт министрлиги Telegram каналында билдирди.
«Сиань шаарында өткөн Кытай-Борбордук Азия саммитинин алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу максатында Чжэцзян темир жол логистика биримдиги, «Өзбекстан темир жолдору» жана «Кыргыз темир жолу» улуттук ишканасы менен биргеликте , Ланьчжоу станциясынан Ташкентке 30 контейнерден турган блок-поездди ишке киргизди.
Биринчи поезд Ланчжоу Кытай станциясынан 9-июнда жолго чыкты. Ал Ташкентке 15 күндөн кийин келери пландалууда. Ошол эле учурда Кыргызстандын аймагында жүк поезддерден автотранспортторго өткөрүлөт. Анткени Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун бир бөлүгү өлкөдө али курула элек.
Жүктүн курамына күн батареялары, механикалык жабдуулар, текстиль жана башкалар кирет.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент Түркияга барган куткаруучулардын ат көтөргүс эмгегин баалады

Бүгүн, 14-июнда  Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өлкөнүн куткаруучуларын сыйлоого арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Мамлекет башчысы иш-чарада сүйлөп жатып, ушул жылдын февраль айынын башында Түркияда катталган жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуда көмөк көрсөткөн кыргыз куткаруучуларынын ат көтөргүс эмгегине токтолду. “Бүгүн биз адамзаттын жашоо-турмушуна айттырбай […]

Сизге жагышы мүмкүн