17-июнга карата күтүлгөн аба ырайы

Автор

17-июнга караган түнү жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

 

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 34…39;

 

Талас жергесинде түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36;

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

 

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;

 

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 23…28;

 

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…+3, күндүз 10…15.

 

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 18…20°, күндүзгү температурасы 36…38° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Ванда күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болду

Түркиянын түштүк-чыгышындагы Ван аймагында  күчү 4,1 баллга жеткен жер титирөө болгонун табигый кырсыктарды башкаруу башкармалыгы (AFAD) билдирди. Министрликтин Твиттердеги билдирүүсүнө караганда, жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 12.54тө Тушба аймагында катталган. Очогу 7,01 км тереңдикте болгон. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн