Кыргыз экспорту Орусияны чочутту

Автор

Орусия Кыргызстан экспорттогон сүттөргө эмнеге тыюу салганын экономика жана коммерция министринин орун басары Назарбек Малаев жооп берди. Белгилүү болгондой, Кыргызстан келишимде көрсөтүлгөндөн көп өлчөмдө сүт жөнөтө баштагандыктан Орусия тарап бул абалга шектенген. Башка тараптын сүттөрүн да экспорттоп жатат деген күмөн менен учурда иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Алар  ветеринардык сертификат бербей туруу боюнча Ветеринардык кызматка да кайрылышканы белгилүү болду. Орусия өткөн айдан баштап Кыргызстандан барган сүттөрдү албай жатканын айтып, ишкерлер коңгуроо каккан. Бул маселе Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп келген.

Бөлүшүү:
Next Post

Жети миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду

Кыргызстанда жыл башынан бери 7 миңге жакын адам жумуш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыл башынан бери ишке орноштуруу кызматтары тарабынан 3,6 миң адам ишке орноштурулган. Министрликтен билдиришкендей, эмгек рыногунун оорчулугун жеңилдетүү үчүн иш менен камсыз кылуунун активдүү […]

Сизге жагышы мүмкүн