Төрага Нурланбек Шакиев Россияга расмий иш сапары менен барды

Автор

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Россия Федерациясына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматынан билдиришти.

 

Расмий сапардын алкагында Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен тар чөйрөдө жана кеңейтилген курамда жолугушат.

 

Жолугушууда эки мамлекет ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу, парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрү күтүлүүдө.

 

Кошумчалай кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Гуля Кожокулова, Эльдар Сулайманов, Аида Исатбек кызы, Замирбек Мамасадыков, Эмилбек Джусупов, Фархат Исмаилов, Азамат Исираилов, Жалолидин Нурбаев жана Карим Ханджеза бар.

Бөлүшүү:
Next Post

Айыл чарбасын каржылоо долбооруна  3,3 млрд сом каралды

2023-жылы “Айыл чарбасын каржылоо – 11” долбоорун ишке ашырууга 3,3 млрд сом каралды. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, 20-апрелге карата бул долбоордун алкагында республиканын 2 миң 933 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 1,3 млрд сом суммасында жеңилдетилген кредит берилди.   Белгиленгендей, 2013-жылдан бери КР өкмөтү тарабынан ишке ашырылып келе […]

Сизге жагышы мүмкүн