Кыргыз футболчулары эл аралык рейтингде 97-орунга түштү

Автор

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 97-орунга жайгашты. Жаңыланган рейтинг ФИФАнын сайтында 29-июнда жарыяланды.

Буга чейин Кыргызстандын футболчулары Борбор Азия футбол ассоциациясынын Улуттар кубогу мелдешинде 3 оюн өткөргөн.

Стефан Тарковичтин командасы Ооганстанды 3:0 эсебинде жеңип, Иран (1:5) жана Оман (0:1) менен да утулуп калды.

Бул турнирдин жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 0,64 упай жоготуп, ФИФАнын рейтингинде  96-орундан 97-орунга түшүргөн.

Ал эми Азия футбол конфедерациясынын рейтингинде Кыргызстан командасы 17-орунда турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Асман шаарынын курулушуна старт берилет

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап Асман экошаарынын курулушуна старт берет. Иш-чара УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын эфиринде, социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат. Түз эфир 11:00дө башталат. Белгилей кетсек, Асман шаарын тыштан келген инверсторлор салат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Чолпон-Ата шаарындагы маданият жана эс алуу паркын ачып […]

Сизге жагышы мүмкүн