Кыргыз куткаруучулар эл аралык мелдешке катышууда

Автор

Кыргызстандык куткаруучулар  Азербайжандын Габала шаарында “Жаш куткаруучу” аталышындагы эл аралык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Мелдеште жаш куткаруучулар өрт эстафетасы, тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү, издеп-куткаруу боюнча күч сынашып, өз өлкөсүнүн бай тарыхын, маданиятын, жаратылышынын өзгөчөлүгүн көрсөтмөлөр аркылуу даңазалашууда.

Учурда Кыргызстандын атынан барган жаш куткаруучулар командасы атаандаштардын арасында жогорку даярдыгын жана күчтүүлүгүн көрсөтүүдө. Мелдештин өрт эстафетасы жана тилкедеги тоскоолдуктарды жеңип өтүү түрүндө ишенимдүү түрдө 3-орунду багындарышты. Алдыда дагы издеп-куткаруу боюнча катышуу күтүп турат.

Белгилей кетсек, мелдеш 23-июндан 3-июлга чейин өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттин туулган күнүндө анын ысымында “акылдуу шаар” ачылды

Түркмөнстанда президенти Сердар Бердымухамедовдун катышуусунда 29-июнда өлкөнүн экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун ысымы ыйгарылган жана анын демилгеси менен курулган өлкөнүн биринчи “акылдуу шаары” Аркадагтын ачылышынын урматына салтанаттуу иш-чаралар башталды. Өлкөнүн президенти жана меймандар Аркадаг шаарынын башкы аянтына барышты, ал жерде салтанаттуу түрдө мамлекеттик гимндин коштоосунда Түркмөнстандын желегин көтөрүп, Аркадаг эстелигин ачышты. Ошол […]

Сизге жагышы мүмкүн