23-ноябрда күтүлгөн аба ырайы

Автор

23-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын каттуу жаайт.

 

Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 2…7, күндүз 4…9,

 

Талас жергесинде түнкүсүн 0…5, күндүз 3…8,

 

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 3…8, күндүз 5…10,

 

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,

 

Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 3…8,

 

Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүз 5…7° болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Садыр Жапаров Беларусь президенти Александр Лукашенко менен жолукту

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров  Минск шаарында Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко менен жолукту. Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле Жамааттык коопсуздук кеңеши уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин алдыдагы сессиясынын күн тартибин талкуулашты. Садыр Жапаров менен Александр Лукашенко Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы өз ара аракеттенүүнү эки […]

Сизге жагышы мүмкүн