Левандовски “Барселона” клубунан  кетиши мүмкүн

Автор

“Барселона” клубу Роберт Левандовски менен келишимди мөөнөтүнөн мурда бузууга укуктуу. Андыктан польшалык форвард башка командага кетиши мүмкүн экендиги айтылууда.

Спорт басылмалары  оюнчунун келишиминде берене бар, ага ылайык, футбол клубу  2024/2025-сезондон кийин  матчтардын 55% дан азын ойносо, анын келишимин бузууга укуктуу экендигин жазып чыгышты.

Бул сезондо Левандовски бардык мелдештерде 17 беттеш өткөрүп, 8 гол киргизип, 4 голго пас берген. Польшалык футболчунун  каталондук клуб менен келишими 2026-жылдын июнуна чейин түзүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

5-декабрда күтүлгөн аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 5-декабрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.   Абанын температурасы:   Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз +13…+18,   Талас облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +12…+17,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 0…+5, күндүз +13…+18,   Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +5…+10,   Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз +4…+9.   Бишкек шаарында […]

Сизге жагышы мүмкүн