“Кыргызстан-Оман” беттешин ирандык калыстар тейлешет

Автор

Бүгүн , 21-ноябрда “Кыргызстан-Оман”  беттешин ирандык калыстар тейлешет. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзу билдирди.

Беттеш  2026-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында өтүүдө. Ал эми беттешти  ФИФА калысы Муд Бонядифард жетекчилиги алдындагы Ирандын арбитрлери калыстык кылат.  Башкы калыска Саед Гасеми жана Алиреза Илдором жардам беришсе, Каземи Сейдвахид резервдик арбитрдин милдетин аткарат.

Беттеш  бүгүн саат 19:00дө Дөлөн Өмүрзаков стадионунда башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Газада 13 миңден ашык адам көз жумду

Израил менен ХАМАС тобунун ортосунда жаңжал  башталгандан бери набыт болгон жайкын тургундардын саны 13,3 миңден ашты.  Алардын 5,6 миңи балдар. “Газа өкмөтүнүн басма сөз катчысы Исмаил Тавабта анклавдагы жардыруудан 13 300дөн ашуун адам каза болгонун билдирди”,-деп билдирди “Al Jazeera” басылмасы. Жоготуулардын арасында 5600ү балдар. Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги бул тармакта […]

Сизге жагышы мүмкүн