Кыргызстан Израиль менен Палестинаны согуштук аракеттерди токтотууга чакырат

Автор

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги израил-палестина жаңжалынын курчушуна байланыштуу билдирүү таратты.

ТИМдин билдирүүсүндө мындай деп айтылат:

“Кыргыз Республикасы көптөгөн курмандыктарга жана кыйроолорго алып келген израиль-палестина жаңжалынын курчушуна кооптонуу жана тынчсыздануу менен көз салып турат.

Тынчтыкты орнотуу, калкты коргоо жана Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды турукташтыруу максатында тараптарды согуш аракеттерин токтотууга жана саясий-дипломатиялык диалогду мүмкүн болушунча тезирээк баштоого чакырабыз”.

Бөлүшүү:
Next Post

Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды

Нурсултан Усубалиев президенттин жардамчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Тиешелүү документке президент Садыр Жапаров кол койгон. 30 жаштагы  Нурсултан Усубалиев буга чейин  президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеген. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн