Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогунда ойнойт

Автор

Эртең, 18-апрелде Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курамасы Азия кубогундагы оюндарга катышатт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигиненбилдирди.
Маалыматка ылайык, күн мурун “Бангкок Арена” стадионунда спортчулардын расмий машыгуулары болду.
Азия кубогу – 2024 17-28 апрель күндөрү Таиландда өтөт. Тайпалык баскычта кыргызстандык футзалчылар Япония, Тажикстан жана Түштүк Корея менен кездешет.
Кыргызстандык футзалчылардын старттык беттеши эртең япониялыктарга каршы өтөт. Оюн “Бангкок Аренада” өтөт.
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 17:00дө башталат.

Бөлүшүү:
Next Post

18-апрелге карата аба ырайы

Кыргызгидромет билдиргендей, 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +19… +24, Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, […]

Сизге жагышы мүмкүн