Кыргызстандын улуттук курама командасы ПараАзия оюндарына катышат

Автор

Бүгүн, 16-октябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы башкы аренада Кытайдын Ханчжоу шаарында өтө турган ПараАзия оюндарына катыша турган улуттук курама командага Кыргызстандын туусун тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Дене тарбия жана спорт департаментинин директорунун орун басары Самат Токтоналиев катышты.

Эдил Байсалов курама командага ийгиликтерди каалап, мурдагы ПараАзия оюндарына салыштырмалуу спортчулардын санынын өскөнү, кыргыз спортундагы чоң жетишкендиктердин бири экендигин белгилеп, курама команданын капитаны Адилет Камчыбековго тууну тапшырды.

Белгилей кетсек, ПараАзия оюндары 20-30-октябрь күндөрү өтөт. Ага Кыргызстандан спорттун 6 түрүнөн (жеңил атлетика,пауэрлифтинг,теннис,сууда сүзүү, шахмат жана дзюдо) 29 спортчу катышат.

Бөлүшүү:
Next Post

Төрага Нурланбек Шакиев Нарын облусуна барды

Бүгүн, 16-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Нарын облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, алгач төрага Кочкор районуна караштуу Орток айылында жайгашкан А.Жалпетеков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты. Алсак, 360 орунга ылайыкталып курулган бул мектеп 1991-жылы пайдаланууга берилген. Азыркы тапта 275 окуучу […]

Сизге жагышы мүмкүн