Байден Израилде төрөлгөнүн айтты

Автор

18-октябрда Израилге барган АКШнын президенти Жо Байден ушул аптада Конгресстен Тель-Авивге “болуп көрбөгөндөй  жардам пакетин” сурай турганын жарыялады.
Америкалык лидердин сөзүнөн Израилдин “Темир Купол” абадан коргонуу системасын бардык зарыл нерселер менен камсыз кылуу пландалып жатканы белгилүү болду.
Ал АКШнын палестиналыктарга жардам жөнөтүү чечимине токтолуп,   «АКШ Газа тилкеси жана Батыш Шериа үчүн 100 миллион долларлык гуманитардык жардам көрсөтүүдө.  Бул каражаттар 1 миллиондон ашык палестиналыктарды колдоо үчүн жумшалат»,-деди Байден.
Тель-Авивде Израиль өкмөтү менен жолугушуудан кийин Байден Израилде төрөлгөнү тууралуу күтүүсүз билдирүү жасады.  «Израиль мамлекети дүйнөдөгү еврейлердин коопсуздугу үчүн жаралган, мен да ошол жерде төрөлгөм»,-деди ал.  Бирок АКШ президентинин расмий өмүр баянында анын туулган жери  Пенсильвания деп көрсөтүлгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Көмүрдүн баасын убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилди

25-октябрдан тарта Экономика жана соода министрлиги Кыргызстанда көмүрдүн баасын 90 календардык күнгө убактылуу мамлекеттик жөнгө салууну киргизди. Аталган башкармалык мындай чечим көмүрдүн кымбатташына жол бербөө жана анын калк үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо максатында кабыл алынганын билдирди. Маалым болгондой, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы өкмөттүн 2023-жылдын 8-сентябрындагы №455 токтомуна ылайык иштеп, республиканын […]

Сизге жагышы мүмкүн