Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады

Автор

Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады.Өлкөнүн 10 шаарында 4-августтан 13-августка чейин уланган оюндар спорт дүйнөсүндө эң жаркын элестерди калтырган иш-чара болуп калды.

КМШ өлкөлөрүнүн II оюндарына спорттун 22 түрү боюнча 22 мамлекеттен 2 миңден ашуун спортчу катышты.

Ал эми Кыргызстандын намысын 17 спорттун түрүнөн (грек-рим күрөшү, бокс, оор атлетика, ок атуу, жеңил атлетика, жаа атуу, гандбол, баскетбол 3х3, эркин күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, самбо, тайбокс, заманбап спорттун беш түрү, көркөм гимнастика, мини футбол, каратэ-до, сууда сүзүү) 200дөн ашуун спортчу коргоду.

Иш-чаранын расмий ачылышына Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин башкы катчысы Сергей Лебедев катышып, ал өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары шериктештиктин тарыхында масштабдуу жана маанилүү спорттук окуя катары каларын белгиледи.

КМШнын кийинки оюндары 2025-жылы Азербайжанда өтөт.

Эскерте кетсек, КМШ өлкөлөрүнүн биринчи оюндары 2021-жылдын 4-сентябрынан 14-сентябрына чейин Татарстандын Казань шаарында өткөн. Оюндарга Кыргызстандын атынан спорттун 13 түрү боюнча 157 спортчу катышкан.

Бөлүшүү:
Next Post

 Садыр Жапаров көк бөрү боюнча клубдар аралык l дүйнөлүк чемпионатты ачты

Президент Садыр Жапаров көк бөрү боюнча клубдар аралык l дүйнөлүк чемпионатты ачты. Иш-чара Ысык-Көл районундагы Булан-Соготту айылындагы ат майданында өтүүдө.   Президент өз сөзүндө төмөнкүлөрдү белгиледи:   Ассалоому алейкум кадырман калайык калк!   Урматтуу меймандар!   Кадырлуу спорт сүйүүчүлөр жана көк бөрүнүн күйөрмандары!   Бүгүн жалпы эле спорт күйөрмандары үчүн […]

Сизге жагышы мүмкүн