Кыргызстандын оор атлетика курамасы Таиландда лицензиялык мелдешке катышууда

Автор

Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасы лицензиялык мелдешке катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш Таиланддын Пхукет шаарында 27-мартта башталган, 12-апрелде жыйынтыкталат. Ага 109 өлкөдөн келген 409 спортчу катышууда.
3-апрелден тарта кыргызстандык спортчулар килемге чыгат. Алгачкылардан болуп Эльзар Таиров (73 кг) өз күчүн сынап көрөт. Оюндар Бишкек убактысы боюнча саат 10:30да башталат.
Курама команданын тизмеси:
Бекдөөлөт Расулбеков (102 кг);
Эмил Молдодосов (89 кг);
Ишимбек Муратбек уулу (67 кг);
Эльзар Таиров (73 кг);
Нурсултан Тармалов (96 кг).
Курама команда башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиев жана улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Президенттин жарлыгын бир айда аткарбагандар кызматтан бошотулат

Президент Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 30-январында өлкө жарандары үчүн турак жай менен камсыз кылуу жана турак жай куруу механизмдерин жакшыртууга багытталган жарлыкка кол койгон. Бирок айрым жетекчилер аны аткарбай коюунун айласын көрүп жатышат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди. Анын айтымына караганда, аталган жарлыкка ылайык аймактарда жер тилкелери […]

Сизге жагышы мүмкүн