Бүгүн президенттин катышуусунда кезектеги “Мурас” футболдук турнири өтөт

Автор

Бүгүн  президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги “Мурас” футболдук турнири башталат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын айтымына караганда, күн мурун мелдешке катыша турган 16 команданын ортосунда чүчү кулак тартуу иш-чарасы өткөн.

 

Ага ылайык, тайпалар төмөнкүдөй аныкталган:

 

А тайпасы: “Президенттин командасы”, “Фемида”, “Ыйман”, “Алга”;

В тайпасы: “Спорттук федерациялар”, “Жогорку Кеңеш”, “Ден соолук”, “Аймактар”;

С тайпасы: “Коопсуздук”, “Бизнес”, “Спорт жылдыздары”, “Билим”;

D тайпасы: “Достук”, “Өнөр”, “Курултай”, “Журналисттер”.

 

Оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром – балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнөдөгү эң чоң футболка тигилди

Румынияда узундугу 108 метр, туурасы 73 метр болгон дүйнөдөгү гигант футболка тигилди. Материалы жарым миллиондон ашык кайра иштетилген желим бөтөлкөдөн жасалган. Аларды чогултуу үч жумадан ашык убакытты талап кылса, тиктирүүгө бир ай убакыт кетти. Гиннес рекорддор китебинин эксперттери жетишкендикти жазып, дүйнөдөгү эң чоң футболка деп тааныган сертификат ыйгарды. Эми продукция […]

Сизге жагышы мүмкүн