Кыргызстандык студенттер Сербияда акысыз билим алат

Автор

Кыргызстандык студенттер Сербияда  гранттык негизде билим ала алышат. Бул тууралуу макулдашууга маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев Сербия мамлекетиндеги  иш сапарында жетишилди.

Министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Сербиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү менен сүйлөшүүдө “Сербиядагы тынчтык” программасы боюнча кыргызстандык студенттер үчүн беш гранттык квота бөлүү тууралуу макулдашууга жетишилди.

“Студенттер толук гранттык негизде окушмакчы, жатакана жана тамак-ашы да камтылган. Андан тышкары, ай сайын 15 миң динар стипендия алышмакчы”, – деп айтылат маалыматта.

Андан тышкары, Марат Тагаев жаштардын жана балдардын укугунун корголушу багытында Сербиянын Тең укуктуулукту коргоо комиссары жана Воеводина автономдуу облусунун омбудсмени менен жолугушту.

Бөлүшүү:
Next Post

Кытайдын төрагасы Путиндин чакыруусу менен келет

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин президент Владимир Путиндин чакыруусу менен 2023-жылдын 20-22-мартында Россияга мамлекеттик сапар менен келерин Кремлдин расмий Telegram каналы билдирди. Маалым болгондой, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Россия менен Кытайдын ортосундагы ар тараптуу өнөктөштүк жана стратегиялык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат. Ошондой эле бир катар маанилүү эки тараптуу документтерге кол […]

Сизге жагышы мүмкүн