Депутат спорт көйгөлөрүн көтөрдү

Автор

Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов  Кыргыз спорттунун көйгөйлөрүн көзгө сайып, бирден санап берди. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 7-ноябрда парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында Кыргызстандын келечеги спорт, улуттун туусун желбиреткен спортчулар экендигин белгилеп, соңку айлардагы алтын медаль алып келген спортчуларды атады.

Атазов келаткан жыл Олимпиада жыл экендигин айтып, Бишкектеги спортчулардын тамак-аш маселелерине токтолду. Эң башкысы 2024-жылына бюджетке спортчуларга көңүл буруп, спорт сарайын салуу, спорт интернатына тамак-ашын көтөрүү, спорт медицина кызматкерлеринин айлыгын көтөрүүнү белгиледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Тууну өзгөртүүнү каалаган демөөрчүлөр кимдер?

Депутаттар тууну өзгөртүү боюнча маселени кайра көтөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабарда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында  депутат Эрулан Кокулов айтып чыкты. Эл өкүлү желекти алмаштыруу элге жакпай жаткандыгын белгилеп, тууну алмаштыруудагы белгисиз демөөрчүлөр кимдер экендигине кызыкты. Айрыкча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө убакыт келгендигин айтып, калк жооп күтүп жатат деди. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн