Кыргызстандык спортчулар дүйнөлүк оюндарга катышат

Автор

Кыргызстандык спортчулар Эр-Рияд шаарында өтө турган Бүткүл дүйнөлүк оюндарга катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык,  мелдештер 20-30-октябрь күндөрү спорттун 15 түрүнөн (айкидо, дзюдо, жиу-житсу, каратэ, кендо, бокс, кикбоксинг, муай-тай, самбо, савате, сумо, таэквондо, күрөш, ушу, фехтование) беттештер өтөт.

Жиу-житсу боюнча:

– 94 кг чейинки салмакта Руслан Сагдеев.

Грепплинг боюнча курама команда:

– 100 кг Евгений Слесаренко;

– 66 кг Сыймык Махмедов;

– 71 кг Бүбүсайра Абдилманап кызы;

– 58 кг Женишгүл Абдырахман кызы.

Самбо боюнча курама команда:

– 98 кг Бекназар Жээмырзаев (күжүрмөн самбо);

– 88 кг Жамалбек Асылбек уулу (спорттук самбо);

– 65 кг Мираида Медетбек кызы (күжүрмөн самбо);

– 79 кг Адилет Алымкулов (көзү азиздер арасында спорттук самбо);

– машыктыруучу – Максат Обонов;

– башкы машыктыруучу – Азамат Казакбаев.

Карате боюнча курама команда:

– 50 кг Умида Айсаева;

– 75 кг Назим Нурланов.

Бөлүшүү:
Next Post

 Баткен облусуна 9 айда 1,14 млрд сом бөлүндү

2023-жылдын 9 айында Баткен облусуна 1,14 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу Финансы министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, анын ичинен Баткен облусунун өнүгүү программасына (статус) – 500 млн сом бекитилип, толугу менен каржыланды. Ишкерлерге бюджеттик кредиттер – 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында Баткен облусунун чарба жүргүзүүчү субъекттерине келтирилген зыяндын […]

Сизге жагышы мүмкүн