Кыргызстандык окуучулар математика боюнча эл аралык олимпиадада үч медаль утту

Автор

Кыргызстандык окуучулар өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында алтын, күмүш жана коло медалдарга ээ болушту. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, олимпиада 9-майдан 4-июнга чейин Өзбекстандын Ташкент шаарында өтүп, ага Азербайжан, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан 72 окуучу катышты.

 

Кыргызстан командасы:

 

  1. Корнияш Фёдор, Е.Б. Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплекси – алтын медаль;
  2. Акенеев Тимур, “Газпром Кыргызстан” мектеби – күмүш медаль;
  3. Мусаходжаев Султан, Бишкек шаарындагы №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп гимназиясы – коло медаль;
  4. Даниярова Мерида, Бишкек шаарындагы Intellect School жалпы билим берүүчү жеке мектеби – катышуучу;
  5. Шакиралиев Адилет, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
  6. Сарыкбаев Саян, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
  7. Токтоназаров Амантур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу;
  8. Айдаров Бектур, Ош шаарындагы П.Купуев атындагы билим берүү академиясы – катышуучу.

Команданын машыктыруучусу: “Газпром Кыргызстан” мектебинин мугалими Мамат Ишматов.

Бөлүшүү:
Next Post

6-июнга карата аба ырайы

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 6-июнга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарда жаан жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Чүй облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Калган аймактарда жаан жаабайт.   Абанын температурасы:   Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +30…+35,   Талас […]

Сизге жагышы мүмкүн