Кыргызстандык боксчулар Россиядагы дүйнө кубогуна катышууда

Автор

Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы эркектер жана кыз-келиндер арасындагы Ф.К. Салмановдун жаркын элесине арналган ХХ дүйнө кубогуна катышууда. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.
Маалыматка ылайык, Кубок Россиянын Нижневартовск шаарында 25-29-март күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
– 51 кг Бекзат Эргешов;
– 57 кг Ислам Төрөбаев;
– 60 кг Рысбек Бектенов;
– 67 кг Аскат Култаев, Оомат Элчоро уулу;
– 75 кг Султан Асканкул уулу;
Кыз-келиндер арасында:
– 54 кг Шахриза Халилова.
Курама команда машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдына мелдешке катышып жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Футболду өнүктүрүүнүн улуттук программасы даярдалууда

Президент Садыр Жапаров “2024–2034-жылдарга Кыргыз Республикасында футболду андан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Ушул Жарлыктын негизги максаты калктын ар кандай катмарын футбол менен үзгүлтүксүз машыгууга массалык түрдө тартуу үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, футболчулардын чеберчилигин жогорулатуу, кесиптик футболду өнүктүрүү, жаштарды сергек жашоого умтулууга тарбиялоо болуп саналат. Кыргыз Республикасында […]

Сизге жагышы мүмкүн