Быйыл Конор Макгрегор эки жолу беттешет

Автор

Атактуу ирландиялык мушкер, UFC лигасынын эки салмак категориясы боюнча мурдагы чемпиону Конор Макгрегор быйыл октагонго кайтып келип, эки беттеш өткөрүүгө ниеттенүүдө.
Макгрегор жеңил жана жарым салмакта америкалык Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону болгон. Бирок 2018-жылдын октябрынан бери ал төрт беттеш өткөрүп, анын үчөөндө – жеңил салмактагы чемпиондук титул үчүн орусиялык Хабиб Нуркмагомедовго жана рейтингдик беттештерде америкалык Дастин Порьеге жеңилип калган.
Эске салсак, 2021-жылдын июль айында Пуарье менен болгон акыркы беттешинде ирландиялык бутун сындырып алгандыктан, ал көп убакыт калыбына келип, андан кийин UFC жетекчилиги менен кайтып келүүгө сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Трамптын дебатка чакыруусунан баш тартты

АКШнын президенти Жо Байденди өлкөнүн мурдагы лидери Дональд Трамп өлкөнүн келечегин талкуулоо үчүн шайлоо алдындагы дебатка чакырган. Бирок Байден Трамптын сунушунан баш тартты. Truth Social тармагына жарыяланган чакырууда Трамп бул диалогдун АКШнын жыргалчылыгы үчүн маанилүү экенин айткан. Жо Байден “Эгер мен анын ордунда болсом, мен да мени менен талашкым келмек”,-деди. […]

Сизге жагышы мүмкүн