Бокс тарыхындагы эң күчтүү мушкер айымдар

Автор

Бүгүн биз дүйнөдөгү эң күчтүү мушкер айымдарды тизмелеп чыктык. Буларды окугандан кийин «алсыз» деген сөз кандайдыр бир кызыктай угулат.

МАРСЕЛА  АКУНЬЯ

“Жолборс” каймана аты бар Элиана Марсела Акунья – аргентиналык мушкер. Ал ар кандай салмакта дүйнө чемпиону болгон. Апасы аны  бийчи болушун каалаган, бирок бул  кыялы  ишке ашкан эмес. Акунянын бокска болгон сүйүүсү кичинекей кезинен эле пайда болгон. Жети жашында биринчи жолу бокс залына барган. Анын биринчи машыктыруучусу Рамон Чапарро көп жылдардан кийин күйөөсү болуп калган.

ЛЕЙЛА АЛИ

Лейла Али, легендарлуу боксчу Мухаммад Алинин кызы, америкалык мушкер. 1999-жылы биринчи беттешинде 21 жаштагы Лайла Али Индиянын Онида аймагындагы Turning Stone Resort & Casino стадионунда Апрель Фаулер менен мушташкан. Карьерасы боюнча 24 беттештин баарын жеңген.

2007-жылы Лайла НФЛнын мурдагы оюнчусу Кертис Конвейге турмушка чыккан. Ал ошондой эле Конвейдин үч баласынын: эгиз уулдары Кэмерон менен Келтондун жана кызы Лейланинин өгөй энеси.

СЕСИЛИЯ  БРЕКХУС

Сесилия Брекхус – колумбиялык норвегиялык мушкер, WBA, WBC, WBO жана IBF версиялары боюнча жарым орто салмактагы дүйнөнүн чемпиону. Сесилия Брекхус Норвегиянын Берген шаарында чоңойгон жана 2008-жылдан бери Берлинде жашайт.

Ал 14 жашында кикбоксчу катары карьерасын баштап, бир нече улуттук сыйлыктарды жеңип алган, ошондой эле Европа жана дүйнө чемпиону болгон. 2014-жылы ал биринчи норвегиялык жана өз салмак категориясында бардык негизги дүйнөлүк бокс титулдарына ээ болгон биринчи аял болуп калды.

НОРИКО КАРИЯ

Норико Энн Кария – канадалык мушкер. Ал хоккейчилер Стив Мартин менен Пол Кариянын эжеси. Норико Кария 2005-жылы профессионалдык мушкер катары дебют жасаган. 18 жашында ал Мэн университетине окуу үчүн АКШга көчүп барып, ал жерде хоккей боюнча аялдар командасынын мүчөсү болгон. Ал денесин чыңдоону каалап, жергиликтүү KO Boxing Gymга катталды.

НАТАЛЬЯ РОГОЗИНА

Наталья Рагозина россиялык мушкер, 1996 жана 1998-жылдары кикбоксинг боюнча Европа чемпиондугун жеңген. 1999-жылы бокска өтүп, 2003-жылы Европа чемпиону болгон. 2009-жылы ал оор салмактагы дүйнө чемпиону Памела Лондонду нокаут менен жеңип, анын артыкчылыгына эки оор салмактагы чемпиондук титулду – WIBF аялдардын эл аралык бокс федерациясынын оор салмактагы титулун жана Дүйнөлүк бокс федерациясынын оор салмактагы титулун кошкон.

Бөлүшүү:
Next Post

Армиянын генералы Вагнердин жоокерлерине кайрылды

Армиянын генералы Сергей Суровикин Вагнер компаниясынын командирлерине жана жоокерлерине кайрылуу жазды. «Силер менен бирге биз татаал жолду басып өттүк. Бирге күрөштүк, тобокелчиликке бардык. Каныбыз бир, жоокербиз. Мен силерди токтотууга чакырам, душман өлкөбүздө ички саясий абалдын курчушун гана күтүп жатат. Өлкө үчүн бул оор мезгилде душмандын колуна ойной албайсыз»,-деди Суровикин. Ал […]

Сизге жагышы мүмкүн